Иши илгерилөө, жыргалчылык, ыракат менен күн көргөн абалга жетүү, этек-жеңи жайылуу, укум-тукуму өсүү, көбөйүү. Тоголок Молдом, бир башың онго көбөйүп, учуң узарды (Бейшеналиев). - Кызым, ата-энени сыйлаган уул менен кыздын учу узарат (Жапаров).
Иши илгерилөө, жакшылыкка жетүү, укум-тукуму көбөйүү. Учуң узарсын, кагылайын! Эмгек учуңду узартып, уругуңду көбөйтөт! (Жантөшев). Тоголок Молдом, бир башың онго көбөйүп, учуң узарды (Бейшеналиев). – Кызым, ата-энени сыйлаган уул менен кыздын учу узарат (Жапаров). В.: Учугу узаруу. Өз айланасына өнөрлүү жаштардан өнөктөрдүн курамасын уюштурганына Тоголок Молдо курсант. Учугу узарат деген ушул эмеспи (Бейшеналиев).